Казакстанда активисттер унаасын туш келди токтоткон айдоочуларга өз алдынча чара көрүшүүдө

Казакстанда "Айдоочуларга кол кабыш" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү унааларды туура эмес жерлерге токтоткон айдоочуларга карата катуу чараларды көрө башташты. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Активисттер чара көрүү айдоочуларды унааларын атайын токтотуучу жайларга гана токтотууга үйрөтөт деген пикирде. 

"Айдоочулар жана жөө жүрүүчүлөр кекчил келишет. Эгер тиешелүү мекемелер унаасын ой келди жерге токтоткон айдоочуларга чара көрө албаса, ал милдетти эми биз аткарабыз",- дешет бирикменин өкүлдөрү.

Алар балдар ойноочу жайга, жөө адамдар өтүүчү жолду торогондордун жана бир нече унаа токтотуучу жайды ээлеп токтотулган унаалардын айнектерин талкалап, ар түстүү боёкторду чачып, унаалардын үстүнө таштандыларды ыргытып кетишүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Lintel
2015-03-31 15:01:09
Бизге да ушундай активистер керек экен.
0
Ulya_90
2015-03-31 15:14:08
Молодцы так им надо
0
Taku.14.02
2015-03-31 15:18:21
бизде токточу жай жок бардык машинанын терезеси сынатко
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан