Ош облусунун казысы диний билими бар мечит кызматкерлеринин жетишсиз экенин айтты

Ош облусундагы мечиттерде Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин бүтүрүүчү курсунун студенттери тажрыйба алмашуудан өткөрүлөт. Бул боюнча Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов теология факультетинин окутуучулары жана студенттерин кабыл алган жолугушууда айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, теология факультетинин бүтүрүүчү курсунун 13 студенти: 6 бала имамдык, 6 бала азан айтуучу, 1 бала жума хутбасында маселе кылуучу милдеттерди тажрыйба жүзүндө көрүшү керек. Алар облус мечиттеринде имамдардын көзөмөл астында 1 жолку жума күндөрүндөгү намаздарда тажрыйбадан өтүшмөкчү. 

Жогоруда аталган студенттер 5 жылдык окуу процессинде жетиштүү деңгээлде тиешелүү билимдерди алышты. Ал эми облус казысы диний билими бар мечит кызматкерлеринин жетишсиздигин эске алганда, жаш кадрларды колдоо мезгил талабы экенин белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mir.osh
2015-03-31 16:31:33
Туура маселе бирок азыркы учурда Ош шаарындагы Теология жана башка дини билим бере турган жогоркуу,орто билимдуу адистер коп ошолор имамдык кылса болот аларга шарт тузуш керек. кыкасы билимдуу адистер бар аларды кармап иштетуу керек
+1
mir.osh
2015-03-31 16:34:29
Азыркы кундо Мамлекетибиз диний эркиндик берип коптогон шарттарды тузуп беруудо а диний тармакта жургон молдокелер шарт тузуш керек ар нерсени ойлой бербей диний билимдуулоду кызыктырыш керек имамдык милдетти аткарганга
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан