Катуу бороондон улам жабылган Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолу ачылды

Катуу бороондон улам жабылган Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-март күнү саат 03:30 чамасында болгон катуу бороондун айынан Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолунун 227-чакырымында кар күрткүлөрү толуп, жол унаалар үчүн убактылуу жабылган. Тазалоого 1 бульдозер, 1 грейдер, 1 жүктөгүч жана 1 атайын кар тазалагыч унаа тартылып, жол бүгүн түштөн кийин ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saat1200
2015-03-31 15:54:58
Жакшы жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан