Франциянын түштүгүндө 23-мартта болгон авиакырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 50 миң еврого чейин компенсация төлөнөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Airbus A320 учагынын калдыктары тоо арасында 10 гектар жерге чачырап кеткен. Учактын 142 жүргүнчүсү жана 8 экипаж мүчөсү мерт болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, учактын экинчи учкучу Андреас Лубиц учак менен атайылап аска-зоону сүзгөн. Ал биринчи учкуч сыртка чыккан учурда эшикти ичинен бекитип, 10 мүнөттүн ичинде учакты 2700 метрлик бийиктиктен ылдый түшүрүп, андан соң тоону сүздүргөн.
Айрым чет элдик маалымат булактары жазып чыккандай, Андреас Лубиц сүйүктүүсү экөө урушуп, эки ажырым жолго түшүп, ошондон улам ал терең депрессияда жүргөн. Ал авиакырсыктан 3 күн мурун сүйүктүүсү жана өзүнө окшош унааларды сатып алып, бирин ага белекке берүүнү көздөгөн.
Ал эми айрым маалымат каражаттары А.Лубицтин ден соолугу жайында болбой калганын, авиакырсыктан кийин анын үйүнөн дарыгерлердин "учак башкарууга болбойт" деген тытылган маалым каттары табылгандыгын билдирди.
"Ал кээде түн ичинде "Биз кулап жатабыз!" деп кыйкырынып ойгончу. Ал "Менин атым тарыхта кала турчу нерсени жасайм. Менин атым баарынын эсинде калат" деп көп айтчу. Бирок мен анда анын сөздөрүнө маани бербептирмин",- деп чет элдик басылмалардын бирине Лубицтин мурунку сүйлөшкөн кызы билдирген.
Айта кетсек, Барселонадан Дюссельдорф шаарына учкан учак германиялык "Germanwings" компаниясына тиешелүү. Буга чейин аталган компаниянын жетекчиси
Томас Винкельман бул учак 10 жылдан бери кызмат кылып, бул аралыкта 47 миң учуу
жасаганын билдирген.