Жалал-Абадда өз өмүрүн кыюу, зордук-зомбулук жана рэкетчиликти жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Зордук-зомбулукка кабылган жана мыйзам бузган жашы жете элек өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, "2014-2016-жылдарга карата жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу" жөнүндөгү шаардык комплекстүү программаны аткаруу максатында Жалал-Абад шаарында жайгашкан билим берүү мекемелеринде окуган студенттерге, окуучуларга жана ата-энелерге 2015-жылдын "Зордук-зомбулук", "Кылмыштуулуктун алдын алуу", "Рэкетчиликти жоюу", "Өз өмүрүн кыюу", "Диний экстремизм" деген темаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишеним телефондор берилген.

Ошондой эле Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан  4 жашы жете элек балага кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жашы жете электердин тергөө амалдарына катышып, алардын укугун коргоо максатында Балдар иштери боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилүүдө. 

"Жалал-Абад шаардык соту тарабынан каралып, 2 жашы жете элек кыз ата-энесинин көзөмөлүнө жана 1 кыздын ата-энеси ажырашып, апасы Орусияда болгондугуна байланыштуу балдарды коргоо бөлүмүнүн көзөмөлүнө берилди",- деди Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Асанова

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан