Токтогул районунун тургуну карышкырды тирүүлөй кармап алды

Токтогул районундагы Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Саргата айылынын 32 жаштагы тургуну Жумадил Таңатаров 30-мартта карышкырды тирүүлөй кармап алды. Бул тууралуу карышкыр кармаган жаран 31-мартта SUPER.KG порталына өзү кабарлады.

“Кечээ саат 14:00 чамасында айылдын жогору жагында ойноп жүргөн балдар “карышкыр көрдүк” дешкенинен алар көрсөткөн тарапка бет алдым. Карышкырлар кошунамдын 2 козусун көтөрүп кетишкен экен. Артынан издери менен кууп барып, Орток деген тоонун бетинен жеттим. 3 карышкыр 1 козуну жеп жаткан экен. Экөө мени көрүп качып кетти, бирөөнү болсо 2 итим барып куйруктап калганда, мен союл менен башка чапсам эсин жоготту. Тумшугун зым менен байлап, айылга сүйрөтүп келип байлап койдум. Экологдор карышкырды келип көрүшүп, “Жалал-Абад шаарына алып кетебиз” деп кетишти. Зоопаркка алып барышабы же ветеринардык текшерүүдөн өткөрүшөбү билбейм”,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Deesmond
2015-03-31 17:05:02
Биздин жердеш турбайбы) ))))
0
Patriot...kg
2015-03-31 17:06:44
Ого коңшу айылдан турбайбы.
Молодес братан. Орток тоо эмес эле го
0
nurik2103
2015-03-31 17:15:16
Иттер карышкырды коргондо ийинине кирип алчу елего, кандай иттер екен суротко тартып койбоптур
+3
Xabibbullo
2015-03-31 17:15:41
Молодец
0
Rusik.
2015-03-31 17:31:22
Ай молодець эээй!
0
kerakg
2015-03-31 22:58:39
Суротто карышкырдын мойнундагы жиптен кармап, таяк тиштетип койгону эле чыныгы карышкыр экени кумон жаратат, негедир карышкыр байланбай бош эле жаткансыйт, карышкырды ит менен барып келтек менен чаап алуу да кумон, карышкырга окшош жолбун ит болуу мумкун го. ким билет.
-1
kama_future_millioner
2015-04-01 01:22:41
Жакшы
0
Aziret2110
2015-04-01 09:33:29
Олойун деп калган карышкырго я... 3 карышкыр кантип эле адамды коруп экоосу качып кетсин? Мурдагы берген маалыматында бир карышкыр адамга чуркап асылды дешкен эле ошого ишенсе болот .
0
zhykyo
2015-04-01 14:37:14
Кунго какталып уктап жатканын кара карышкырдын уйротулгон окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан