Асылбек Жээнбеков Европа биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Патрисия Флор менен жолугушту
14-февралда ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Европа биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Патрисия Флор менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы демократиялык процесстердеги парламенттин ролу жөнүндө пикир алышты. “Жогорку Кеңештеги 5 фракциянын саясий атаандаштыгы кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугуна кызмат кылат”,- деди Жээнбеков. Ал эми Патрисия Флор Европа биримдиги Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө жогору баасын берерин жана коомчулукту демократиялаштыруунун тарапташы экенин билдирди. “Биз саясий жана экономикалык чөйрөдөгү трансформация кыйынчылыгын сезип турабыз. Европа биримдиги келечекте мыйзам үстөмдүүлүгүн, коомчулукту демократиялаштырууну бекемдөө жаатында кызматташууга даярдыгын билдирет”,- деди Флор. Мындан сырткары жолугушууда аймактык интеграция, өлкөдөгү шайлоо процесстеринин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, парламенттер аралык кызматташтык, адам укуктарын коргоо маселелери жөнүндө сөз болду.