Японияда 117 жаш курагында Жер жүзүндөгү эң улгайган аял Мисао Окава көз жумду. Ал акыркы жылдары Осака шаарындагы карылар үйүндө жашап келгенин жана 1-апрелде дүйнө салганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Мисао Окава өзүнүн туулган күнүн эрте белгилөөнү чечип, ушул жылдын 4-мартында карылар үйүндө анын туулган күнү өткөрүлгөн. Мекеменин кызматкерлери Окаванын угуусу начарлап, анын жай кыймылдай баштаганын айтышкан.
Мисао Окава 1898-жылы 5-мартта туулган. Ал 1919-жылы турмушка чыгып, үч балалуу болгон. Азыр анын эки кызы, уулу, 4 небереси жана 6 чөбөрөсү бар. Окава 2013-жылы эң картаң аял катары "Гиннесстин рекорддор китебинин" сертификатын алган.