Бүгүн, 1-апрелде саат 11:36да Ош облусунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Өзбекстандын аймагында жайгашып, Ош шаарынан 15 чакырым түштүк-батышты, Кара-Суу шаарынан 15 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан. Калк жайгашкан аймакта сезилбеген жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.