Бишкектин бир катар райондорунда 18-февралдан 25-февралга чейин жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек газ чарбасы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул өчүрүүлөрдү аталган башкармалык газ түтүкчөлөрүн оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин айтышууда. Айта кетсек, газ берүү шаардын "Чоң Чүй каналы-Восток", "Садовое айылында-ГЭС-3 айылдарында, «Зелёный клин» кооперативи, Лермонтов, Восточная көчөлөрү жана Жеңиш проспектисинде чектелет.