Жалал-Абадда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын биргелешкен командалык-штабдык машыгуусу болуп өттү

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу болуп өттү. Шаардык мэриядан бүгүн, 1-апрелде кабарлашкандай, ИИМдин, ӨКМнын, УКМКнын, Жалал-Абад шаардык бийлигинин өкүлдөрү жана жарандык коргонуу кызматтары машыгуудан өтүштү.

Машыгуунун тартиби боюнча, күн сайын шаар башчысы өзгөчө кырдаалдар учуруна байланышкан машыгууга ылайык бардык жыйындарга катышып, ал жерден алган тапшырмаларына жараша Жалал-Абад шаардык күч түзүмдөрүнө жана шаардык кызматтарга тиешелүү буйруктарды берип, уюштуруу жана аткаруу иштерине көзөмөл жүргүздү.  

Өзгөчө кырдаалга ылайык шаар мэри жарандык коргонуу башчысы катары 1-орун басарына ыкчам штабды жетектөөнү, 2-орун басарына резервдик ротаны координациялоону, 3-орун басарына качкындарды кабыл алуу пунктун жетектөөнү тапшырган. Машыгууну жыйынтыктоо боюнча өткөн жыйналышта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асан Алымкожоев үч күндүк машыгуу өз деңгээлинде өткөрүлдү деп белгиледи.

Кошумчалай кетсек, машыгууда активдүү катышуучу деп табылган Жалал-Абад шаардык мекеме, ишканалардын 10 кызматкери Ардак грамота, 14 кызматкер алкыш алып, №1-кесиптик лицейге алкыш жарыяланды. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын мэринин резервдик фондунан 150 миң сом, шаардык кеңештин төрагасынын резервдик фондунан 50 миң сом акча каражаты Жалал-Абад шаардык мэриясынын №301-резервдик ротасына машыгуудагы чыгымдары үчүн бөлүнүп берилген.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан