14-февралда Казакстандын чемпиондугу үчүн өтүп жаткан футболдук мелдештин 13-турунда Бишкектин “Дордой” курама командасы атаандаш командасынан утулду. Белгилүү болгондой, кыргыз футболчулары Казакстандын “Аят” командасы менен беттешип, жыйынтыгында 2:3 эсебинде жеңилүүгө аргасыз болушкан. Айта кетсек, учурда “Дордой” курама командасы 20 упайга ээ болуп, 8-орунда келе жатат.