Билим берүү министри Оштогу сапарында акча төлөп окууга өтүүгө болгон аракеттер катуу көзөмөлгө алынарын билдирди

31-март күнү КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева бир күндүк иш сапары менен Ош шаарына келип, анын алкагында Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Рудаки атындагы 
№9-мектеп менен толук таанышып, мугалимдердин сабак өтүү процессине катышты. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, окуучулар менен маектешүү учурунда бүтүрүүчү класстын окуучуларына кесип тандоо боюнча өзүнүн кеңештерин берип өттү.  

Ошондой эле быйылкы окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 баллдан кем алган абитуриенттер жогорку окуу жайына өтө албастыгын эскертип, катуу даярдыктарды көрүү тапшырмасын берди. Жылдагыдай коммерциялык жолдор менен окууга өтүүгө аракет кылгандар катуу көзөмөлгө алынарын кошумчалады.  

Министр иш сапардын жүрүшүндө №23-мектеп-гимназиясында шаардагы мектеп директорлору жана бала бакча жетекчилери менен жолугушту. Анда мугалимдер билим берүү тармагында кездешип жаткан көйгөйлөр боюнча, тактап айтканда, окуу китептери айрым класстын окуучулары үчүн татаал түзүлүп калгандыгын айтышып, мектеп окуучулары үчүн окуу китептерин тажрыйбалуу практик мугалимдердин катышуусу менен, алардын пикирин эске алып түзүүнү сунушташты. 

Мугалимдердин, анда иштеген техкызматкерлердин айлыгынын аздыгы боюнча суроого министр Э.Сариева: “Мугалимдердин статусун көтөрүү аракеттерин жүргүзүп жатабыз. Мамлекет тарабынан мугалимдерге көңүл бурулбай жаткандыктан ишин таштап кеткендер көп болууда жана өз иши менен алектенбей, кошумча акча каражатын табуу үчүн башка нерселерге алаксып кетүүдө. Биз өкмөттөн мугалимдердин айлыгын 50 пайызга жогорулатууну талап кылып жатабыз, тиешелүү мыйзам кабыл алынса, жаңы окуу жылынан баштап айлык акы жогорулайт”,- деди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
adilbars
2015-04-01 19:11:10
Мектептер эмнеге айланып бара жатканын байкадыныз бекен! Пара алуу-беруу балдар бакчасынан эле башталган, мектепте балдар жана алардын ата-энелери толук турдо коррупциялашкан мораль менен келип жетишет.Окуу жайга болсо соз жок, алдыртан эле "акча менен бутот да" деген коз караш менен келип жетишет, озу отуп турганына козу жетип турса да акча беришет го, бул эмне дегени, же "шааниси ушул" дегениби, жогорку балл менен келгендер деле акча берип "гарантиясын" алышат, озу отсо деле!
0
nazira1989
2015-04-01 20:06:06
Мектепке келгенде чай ичпей эле кеткиле,ошол деле биздин айлыгыбызды экономдойт...
+2
bakyt_2015
2015-04-01 20:21:49
Айылдык мектептерде бутуруу экзамендери болуп жаткан убакта барсан,экзамен эмес эле той болуп жаткандай,куда келгенби дейт бир коргон киши.Казан-казан эт асылып, дасторкон боорсок,таттуу,салатка толуп,бутуруучулордун баалары сатылат ачык эле.Эльвира айым ушундайларды тыйса мыкты болоор эле.
+2
nazira1989
2015-04-01 20:26:09
bakyt_2015,мен бул созунорго толук кошулбайм,экзамен экзамендей откон мектептер деле бар,беш кол тен эмес да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан