Президент Алмазбек Атамбаев германиялык эксперттик топту кабыл алды

14-февралда президент Алмазбек Атамбаев Германиянын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Антье Леендертсе жетектеген германиялык эксперттик топту кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. “Мен Германия менен кызматташууга зор үмүт артам. Өткөн жылдын декабрь айында Германияга жасаган расмий сапардын жүрүшүндө Германиянын Федералдык президенти Йоахим Гаук жана Федералдык канцлер Ангела Меркель менен толук түшүнүшкөнүбүзгө ыраазымын”,- деди өлкө башчы. Ал эми Антье Леендертсе: “Эки күндүк сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз кыргыз тарап менен түрдүү тармактарда жакшы натыйжаларга жетишип, биргелешип иштешүүнүн негизги багыттарын аныктап алдык. Биз мамилени мындан ары өнүктүрүп жана чыңдоого кызыкдарбыз",- деди Антье Леендертсе.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан