Бүгүн, 2-апрелде Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда жарык өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы маалымдады. Белгилүү болгондой, борбор калаада саат 09:30дан 17:00гө чейин Осмонов, Кахов, Гагарин, Леваневский, Черноморский, Лущихин, Чүй, Тоголок Молдо, Киев, Логвиненко, Ахунбаев, Репин, Космический, Бах, Эркиндик бульварындагы №8, №10-көп кабаттуу үйлөрдө, Ынтымак, Арча-Бешик, Жеңиш, Тынчтык, Бакай-Ата жаңы конуштарында жарык өчөт.
Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Койбагаров, Бектенов, Уссурийск, Предгорный көчөлөрүндө жарык үзгүлтүккө учураса, саат 09:00дөн 12:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы №1/2, 2/2, 4/2, 5/2, 6/2, 7/2, 8/2, 9/2, 14/2, 15/2 көп кабаттуу үйлөрдө жарык өчүрүлөт.
Ошондой эле саат 13:00дөн 17:00гө чейин Хивинский, Акылбеков, Воронежский, Армавирский, Кантемировский, Кишинёвский, Фрунзе, Достоевский көчөлөрүндө жарыкка чектөө киргизилет.