2013-жылдын 1-февралына карата “Түндүк электр” ишканасынын кардарларынын электр энергияга болгон карызы 396 миллион 800 миң сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бюджеттик мекемелердин электр энергияга болгон карызы, салыктан сырткары эсептегенде, 93 миллион 200 миң сом. Ал эми өнөр жай ишканаларынын карызы 25 миллион 5 миң сом, башка пайдалануучулардын карызы 80 миллион 700 миң сом, айыл чарба тармагындагы карыз 4 миллион 4 миң сомду түздү. Ал эми калктын электр энергиясына болгон карызы 192 миллион 900 миң сомду түздү.