Талантбек Батыралиев: "Өлкө аймагында ооруканалардын 21 пайызы гана генератор менен камсыздалган"

"Өлкө аймагында ооруканалардын 21 пайызы гана генератор менен камсыздалган". Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде 2014-жылдын жыйынтыктарын чыгарып жатып маалымат жыйынында КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта республикадагы бардык ооруканаларды генератор менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.

“Билесиңер, өткөн жылы жүрөккө операция жасалып жатканда жарык өчүп калып, дарыгер телефондун жарыгынын жардамы менен өткөрүлүп жаткан ишин аягына чейин бүтүрүп койду. Мен, албетте, бул врачка ыраазымын, баары жакшы бүттү. Көрсө, ал ооруканада генератор болгон эмес экен. Башкы дарыгерге карата чаралар көрүлдү. Биз азыр өлкө аймагындагы бардык ооруканаларды генератор менен камсыздоону жыл аягына чейин бүтүрөбүз деп турабыз”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aash
2015-04-02 19:56:37
Жакшы иш болуп жаткан экен. Созсуз керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан