Таласта катуу шамалдан улам жабыр тарткандарга шифер жеткирилди

Таласта катуу шамалдан улам жабыр тарткандарга кошумча дагы шифер жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 1-апрелде Кара-Буура районунун Аманбаев айылына 576 даана, Ак-Жар айылына 23 даана, Сулуу-Маймак айылына 213 даана шифер таратылган.

Эскерте кетсек, 24-март күнү саат 17:40 чамасында Кара-Буура районунда ылдамдыгы секундасына 25-30 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен жалпы район боюнча 356 турак үйдүн, 320 сарайдын, 8 мектептин, 3 бала бакчанын, 5 мамлекеттик мекеменин, 1 кафенин, 1 дүкөндүн, 1 Маданият үйүнүн, 2 спортзалдын, 1 мечиттин, 1 эмкананын чатырын учуруп кеткен. Ал эми келтирилген чыгым 3,5 миллион сомдон ашкан. Буга чейин да жабыркагандарга шифер жеткирилген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан