Өлкөдө "Тез жардам" унааларынын 30 пайызы жарактан чыккан. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде 2014-жылдын жыйынтыктарын чыгарып жатып КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек саясаты жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Анарбүбү Ешходжаева билдирди. Анын айтымында, учурда "Тез жардам" унааларын жаңыртуу керек.
“Акыркы жолу "Тез жардам" унаалары 2008-2009-жылдары Немис өнүктүрүү банкынын жардамы менен жаңыртылган. Андан бери көп убакыт өттү, бизге кайрадан донорлордун жардамы зарыл. Муну менен катар айта кетчү нерсе, азыркы "Тез жардам" унаалары өлкө калкынын 60 пайызын гана камсыздайт",- деди Ешходжаева.