Нарын шаарынын тургундары мэрге зал жок, кышкысын дене тарбия сабагын өтүүдө кыйынчылык болуп жатканын айтышты

31-марттан тарта Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев Нарын шаарынын тургундары менен жолугушуп баштады. Мэрдин алгачкы жолугушуусу РТС аймагынын тургундары менен болду.

Мэриядан кабарлашкандай, аймактын жашоочулары мектепте спортзал жоктугун айтышып, кышында дене тарбия сабактарын өтүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын белгилешти. Ошондой эле балдар бакчасынын жетишсиздиги көп жылдан бери чечилбей келгени сөз болду. Тургундар учурда жугуштуу оорулардын арбын болуп жаткандыгына байланыштуу окуучуларды тез-тез профилактикалык кароодон өткөрүп туруу сунушун айтышты. Мындан сырткары ички көчөлөргө шагыл төктүрүү, бетон түркүктөрүн орнотуу, аймакка тротуар жаткыруу, суунун басымынын аздыгы жана башка көйгөйлөр боюнча кайрылышты. Шаар башчылары жана тиешелүү мекеме жетекчилери, кызматкерлери тарабынан ар бир суроого жооп берилип жатты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pantherka
2015-04-02 14:05:01
Кыйратам, ойротом деген Акаеп мезгилинен келе жаткан дежур создорун айтып кетсе керек....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан