Нарын шаарында шаарды тазалоо, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү боюнча мэрия тарабынан жарыяланган эки айлыктын алкагында иштер жасалууда.
Мэриядан кабарлашкандай, алгачкы ишембилик 27-мартта өтүп, ага мекеме, ишканалардын кызматкерлери менен шаар тургундары катышты. Ишембиликтерде таштандылар чыгарылып, арыктар тазаланууда. Мындай демилге ар тараптан колдоого алынып, шаар тургундары өз короо-жайларын, жашаган жеринин айланасын тазаласа, мекеме-ишканалардын кызматкерлери бекитилип берилген тилкелерди тазалоого чыгып, эс алуу бакчаларын, көчөлөрдү иретке келтиришүүдө.