Акыркы 3 жылда 1603 эмгек мигранты чет жерден кургак учук илдетин жуктуруп келген

Акыркы 3 жылда 1603 эмгек мигранты чет жерден кургак учук илдетин жуктуруп келген. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн, 2-апрелде билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдө кургак учуктун жайылышына тышкы миграция өз таасирин тийгизүүдө. Орусия жана Казакстанда иштеп жүрүп бул ооруну жуктуруп алган кыргыз жарандары мекенине кайтып келишет. 

Былтыркы статистикага ылайык, республикада кургак учук оорусу биринчи жолу аныкталгандардын саны 5781ди түзөт, ал эми 2013-жылы алардын саны 5710 болгон. Бул 100 миң адамдын болжол менен 100ү кургак учук илдетине кабылган дегенди түшүндүрөт. Ал эми бул оорудан жапа чеккен ар 100 миң адамдын 6,2си көз жумат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baba.
2015-04-02 14:57:13
Кобунчосу стройкада иштеген мигранттар болсо керек.себеби алардын жашоо шарты ото оор сыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан