Өлкөдөгү айрым дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн суткада республикадагы дарыяларда суунун деңгээли бир аз чайпалып турду. 2-апрелге карата алынган маалымат боюнча, жогорку ченемдеги агым Ала-Арча, Талас (Ак-Таш), Көк-Арт, Тар, Кызыл-Суу, Араван-Сай жана Шахимардан дарыяларында байкалган.