Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарга көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын суммасы 3 миллион сомдон ашты. Мындай билдирүүнү 14-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт. Аталган облус боюнча 2012-жылга жыйынтык чыгарган коллегиялык жыйында чек арада тикен зымдар менен мамыларды орнотуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүп, буга жергиликтүү тургундар да көмөктөшүп жаткандыгы айтылды. Чарбак айылына ФАП, Таян айылына чек ара бекетин куруу иштери жүрүп жатканын айткан облус жетекчиси “Бөжөй-Сөгөт-Бел" унаа жолунун 14 чакырымы бүтүп 2,5 чакырымы калды. Мындан тышкары "Айгүл-Таш-Согмент-Чарбак" унаа жолун кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө" деди.