ЭЛДИК КАБАР: Бишкектин Тыныстанов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаалар туш келди токтотулуп турат

Бүгүн, 2-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу бизге байланышкан окурман шаардагы унааларын туш келди токтоткон айдоочуларга карата тийиштүү органдардын чара көрүшүн суранып кайрылды.

Окурман Тыныстанов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен тартылган сүрөттү жөнөтүп: "Айдоочулардын автоунааларын каалаган жерге токтотушуна жол берилбеши керек. Шаардын тартибин көзөмөлдөөчү органдардын бул көрүнүшкө чара көрүшүн талап кылам",- деп жазган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан