Бүгүн, 2-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу бизге байланышкан окурман Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун капталындагы аялдаманын калкалап турган бөлүгү кыйрап, кулап түшчүдөй абалда турганын кабарлады.
Окурман аялдаманын чатырында турган темирдин бошоп калганын сүрөткө тартып, "Бул шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып жатат. Ошол эле учурда шамал болсо, түшүп калбайт деген кепилдик жок. Мэрия эмне кылып жүрөт?" деген нааразычылыгын билдирген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.