Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери онкология оорусу менен жабыркаган балдардын саламаттыгы үчүн кан беришти

Бүгүн, 2-апрелде КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери онкология оорусу менен жабыркаган балдардын саламаттыгы үчүн кан беришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, акция “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин демилгеси менен Апрель революциясынын 5 жылдыгына карата өткөрүлгөн.  

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, министрлик коомду гумандаштыруучу мындай акцияларга дайым катышып келет.

"Биз эки жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга ар кандай майрамдык иш-чараларды өткөрүп турабыз. Аларга өздөрү тандаган кесип боюнча ийгиликтерге жетүүнүн жолдорун айтып беребиз. Анан мындай кан тапшыруу демилгеси менен бизге кайрылышканда жок дей алган жокпуз”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан