Америкадагы түрк тилдүү элдердин сейил багына кыргыздын боз үйү тигилди

Улустун улуу күнүнө карата, АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында жашаган кыргыз диаспорасынын суранычы менен уста Бейшенбек Жумашалиев колунан чыккан боз үйүн аталган шаардагы кыргыз мекендештер үчүн тигип келди. Бул тууралуу 2-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. 
Боз үй атайын уюштурулган түрк тилдүү элдердин сейил багына тигилип, улуттук буюм-тайымдар менен жасалгаланып, тамак-аш даярдалып, Нооруз майрамдалды. 
Бейшенбек Жумашалиевдин айтымында, Хьюстон шаарында учурда 100дөй кыргыз окуп-эмгектенет. Негизинен программисттин окуусунда окушат, көбү жеке ишкерлик менен алек. Ал буга чейин да чет жерде жашап, эмгектенип жаткан мекендештерибизге боз үй тартуулаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
brend007
2015-04-02 21:07:24
азаматсынар
0
ALSU2010
2015-04-03 00:46:10
азаматсынар ..бали..........
0
kama_future_millioner
2015-04-03 02:53:28
Кубанычтамын
0
kurmanbek1
2015-04-03 14:35:42
Айабай көркөм болуптур
0
Xabibbullo
2015-04-03 14:36:41
Мына таза патриоттор молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан