Ош шаарында 2,5 миң бала 240 сааттык программанын негизинде даярдоо классында окуп жатат

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде 6-7 жаштагы 2509 бала 240 сааттык программанын негизинде даярдоо класстарында окуп жатат.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, окутуу ушул жылдын 2-мартында башталып, учурда Ош шаары боюнча 46 мектепте окутуу жүргүзүлүп, жалпы 96 класс-комплектти түздү. Анын ичинен окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектепке 780, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектепке 1024 жана окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектепке 700 окуучу тартылды. Балдарды мектепке даярдоо боюнча окутуу ушул жылдын март айынан июнь айына чейин жүргүзүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан