Ахунбаев көчөсүндөгү коомдук унаалар токтой турган аялдамада 2 унаа токтоп турат. Мындай кабарды бүгүн, 2-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман билдирди.
Сүрөттөгү аялдамада жол тосуп турган шаар тургундары байкалбайт. Мындай учурда маршруттук таксилер аялдамага жетпей, автобус, троллейбустар аялдамадан кичине өтүп токтой турганы маалым. Бул, албетте, жол тыгындарына себеп болчу көрүнүш.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.