Өткөн аптада Бишкекте жаш активисттер баш аламан токтотулган унаалардын маңдайкы айнектерине "Стопхам" деп жазылган кагаздарды чаптап чыгышты. Ал эми видеону кечээ, 2-апрелде интернет айдыңына жарыялашты.
Алардын айтымдарында, ар бир жол эрежесин бузуу дагы башка мыйзам бузууларга шарт түзүүдө. "Биздин максатыбыз - айдоочуларды жана жөө жүрүүчүлөрдү жол эрежелерин сактоого чакыруу. Биз тирешүүлөрдү жаратууну көздөгөн жокпуз. Өзүбүздү сыйлагандай мыйзамды сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек",- дешет активисттер.
Ал эми Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеме "Стопхам" кыймылынын аракеттерин колдойт, бирок мыйзам бузбоого чакырат.