Бүгүн, 15-февралда Кыргызстанда тамеки чегүүгө каршы маалыматтык компания башталганы маалымдалды.
“Баары тамеки чегүү ден соолукка зыян экендигин билип туруп тамеки чегүүнү токтотушпайт. Күн сайын тамеки чегүүчүлөрдүн катарлары жаштар жана аялдар менен толукталат. Изилдөөлөр көрсөттү, эгер Кыргызстанда тамеки чегүү ушул ыргакта улантыла берсе, анда 2020-жылга чейин онкологиялык оруулар менен ооругандардын саны 14-15 пайызга көбөйөт. Чылым чегүүгө каршы күрөшкө, тамеки түрлөрүн сатуучу жана өндүрүүчүлөр тарабынан чоң каршылык көрсөтүлөт”,- дейт Улуттук онкология борборунун онохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Мукаш Бейшембаев. Ал Кыргызстанда чылым чегүүнүн зыяндуулугун элге түшүндүрүү аракеттери өтө начар жүрүп жатканын айтты.