“3-октябрдагы митинг учурунда Чүй - Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши тараптан топтолгон балдардын келе жатканын көрүп, митингчилерге "чагымчылдар келип жатат окшойт, абайлагыла" деп айттым”. Бул маалыматты бүгүн, 15-февралда депутаттар Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев боюнча өтүп жаткан сотто кошумча күбө Кубанычбек Базакеев билдирди. “Митингчилердин катарына келип кошулган ал балдар ал жерде токтоп турган жүк ташуучу унаанын айдоочуларын уруп жатканын көрдүм”,- деди Базакеев.