Апта башында өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, унаалардын кыймылын кыйындаткан. Дал ушул күндөрү Ала-Тоонун борбордук бөлүгүндөгү Төө-Ашуусунда унаа тыгыны жаралганы маалымдалган эле. Азыркы тапта жол ачык. Ошентсе да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги алдынкы күндөргө аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу билдирүү таратууда.
Ага ылайык, 6-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кыргыз жеринин тоолуу райондорундагы Бишкек-Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат.