Борбордогу мыйзамсыз курулган дубалдарды сүрдүрүү уланууда

Борбор калаада мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү уланууда. Бул тууралуу 3-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин кезектеги рейдинде Арча-Бешик конушунун Шербет көчөсүндөгү муниципалдык жердин эсебинен тиешелүү документтерисиз 1,50х20,0 м өлчөмүндө дубал куруу фактысы аныкталды.

Департаменттин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин жер тилкесинин ээси Ж.Алоева өз ыктыяры менен дубалды түрттүртүп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан