Чаткалда жаздын кеч келүү себебинен малга чөп жок, эл кыйналып жатканын окурман бүгүн, 3-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Жаңы-Базар айылынын тургунунун айтымында, быйыл кар 1 ай эрте түшүп, эл малды тоют менен эрте камсыздап баштаган. Учурда талааларда кар эрий элек, мал дагы да болсо колдо. Жаздын кечигишинен улам тоют азайып, эл кыйналып жатат. Чөптүн таңгагы 150 сомдон сатылууда. Окурман “кар 10 күндөн кийин эрийт” деген үмүтүн жашырган жок.Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.