Бишкектин мектептерин жашылдандыруу боюнча акция өтүүдө

Бүгүн, 3-апрелде Бишкектин бир катар орто мектептеринде “Жашыл Бишкек: мектептерди жашылдандыруу” деген аталыштагы акциянын алкагында 1000 бак-дарак отургузулууда. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, көчөттөрдүн түрү Бишкектин Ботаникалык багы тарабынан берилген. Иш-чара алгач Кара-Жыгач конушунда жайгашкан №91-мектептен башталды. Ага “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун, Бишкек мэриясынын, Ага-хан фондунун өкүлдөрү катышты. Ошондой эле бүгүн көчөт отургузуу боюнча акция борборубуздун №78 жана №83-орто мектептеринде да өткөрүлдү. Ал эми эртең №72, №51 жана №2-мектептеринин айлана-чөйрөсү жашылдандырылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан