12-февралда Мамлекеттик салык кызматынын 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиялык жыйынында өткөн жылы мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн салык органдары аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Аймактык салык кызматтарынын арасынан түштүк аймактар аралык башкармалыгы 2012-жылы республикабыздын бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууга кошкон салымы үчүн "Жылдын мыктысы" деп табылды. Ал эми райондук салык кызматтарынын арасындагы “Мамамлекеттик салык кызматынын мыкты жамааты” наамына Алай районунун салык башкармалыгы, 2-орунга Тоң, 3-орунга Бакай-Ата райондук салык кызматтары татыктуу болушту.