ЭЛДИК КАБАР: Кыргыз спортчулары Орусияда өткөн таэквондо боюнча мелдеште 2 медаль тагынышты

Кыргыз спортчулары таэквондо боюнча Орусиянын 8-ачык биринчилигинде 2 медаль тагынышты. Мындай маалыматты бүгүн, 3-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман билдирди.

Окурмандын маалыматына таянсак, мелдеш 28-29-март күндөрү Орусиянын Москва шаарында өткөн. Ага кыргыз өлкөсүнүн желеги астында Баткен облусунун Кадамжай районунан 3 окуучу катышкан. Жыйынтыгында Эркинай Эшказиева 55 килограмм салмакта 3-орунга ээ болсо, Асатбек Тажибаев 45 килограмм салмакта 2-орунду багындырды.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан