Жалал-Абад шаарында 90 айымдын катышуусунда “Аялдардын
коомдогу орду” деген аталыштагы облустук форум орун алды. Шаардык мэриядан
кабарлашкандай, ага ар бир аймактык башкармалыктан 5тен 25
кадыр-барктуу айым, башка тармактарда жана экономикага салым кошкон ишкер, кол өнөрчү, чебер
деп таанылган айымдар катышуу укугун алышкан.
Ошондой эле облустук деңгээлде уюшулган көргөзмөгө Жалал-Абад шаарында ишкердик менен алектенген 12 айымдын колунан жаралган буюмдар чогулгандардын назарына коюлду.