Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунун артында 2 аптадан бери таштанды чыгарылбай жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 4-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман билдирди.
Анын айтымында, бул көрүнүшкө ал окуу жайдын Турусбеков көчөсү тарабынан күбө болгон. “Таштандынын жатканына 2 аптадай болуп калды. Күнүгө бул таштандынын жанынан көптөгөн студенттер өтүшөт”,- деп кошумчалады окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.