Йемен мамлекетинен 6 кыргыз жараны Москвага алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу Йеменден Москва шаарына Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги өлкөлөрдүн жарандарын жөнөткөн. "Алардын арасында кыргыз жарандары Н.Янгибаева, М.Исакова, Любн аль-Авбали, Сафия аль-Авбали, Ибрагим аль-Авбали жана А.Жекшенов да бар. КРнын элчилиги мекендештерге укуктук жардам көрсөттү. Учурда аларды кыргыз жерине жөнөтүү маселеси каралууда",- деп кабарлайт мекеме.
Мындан тышкары КРнын Тышкы иштер министрлиги орус тарапка кыргыз жарандарын эвакуациялоого колдоо көрсөткөнүнө ыраазычылыгын билдирди.