Ширин аттуу сүйгөн кызын таарынтып алган жигит Бишкекте андан кечирим сураган мааниде жазылган кагаздарды көчөгө илип чыкты. Кагаз Бишкектеги Чүй кең көчөсү менен Шабдан баатыр көчөсү кесилишкен аймактагы бак-дарактарга жана мамлекеттик мекеменин жанында тыюу салынган жерлерге чапталган. Муну бүгүн, 4-апрелде көрүп нааразы болгон окурман VIBER (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Окурмандын айтымында, бүгүн эртең менен аталган мекемеде ишембилик пландалган болчу. "Эгер жетекчилерибиз муну көрүп калса, биз сөз угабыз. Азыркы мезгилде интернет өнүккөн. Ошол жерден кечирим сурабайбы?"- дейт окурман.Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.