Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарындагы Ленин көчөсү менен №2-бала бакчанын аралыгындагы жол жараксыз абалга келгенин бүгүн, 4-апрелде окурман WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.
Окурмандын айтымында, жаан жааган күндөрү баткак болуп, балдарды бакчага алып барууда түйшүктөр жаралууда. "Шаар мэри бул көчөдөн өтүп көрбөгөндүгүнөн, жолду оңдоп коюу анын оюна да келбейт",- дейт Кербендин тургуну.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.