Жалал-Абадда Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Мэриядан кабарлашкандай, бул күнгө карата “7-Апрель - Кайра жаралуу күнү” деген жазуусу бар жарнактар илинүүдө.
Маалыматка ылайык, 7-апрель күнү облустук Барпы атындагы театрдын алдында атайын митинг уюштурулат. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяда каза болгондорду эскерүү мүнөтү туу түшүрүү менен коштолот.
Иш-чарага кетирилген каражаттар бир жылдык бюджетке киргизилген. Ал эми ушул ай ичи жогорку жана орто окуу жайларда “Апрель революциясы – келечек үчүн сабак” деген аталыштагы илимий конференция, тегерек столдор өткөрүлмөкчү. Шаардагы орто мектептерде Апрель революциясынын таасири тууралуу тарбиялык сааттар уюштурулууда.