Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Тоскоол айылынын тургуну козу карын терүү иштери башталуу алдында турганын билдирди. Ал маалыматын бүгүн, 5-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына бөлүштү.
Анын айтымында, быйыл козу карындын 1 килограммынын баасы 400 сомго жетти. Терүү иштери жакында толук түрдө башталат. Быйыл бул баа 1000 сомго чейин чыгары күтүлүп жатат.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.