3 кыргыз жараны Орусиянын Троицк чек арасына жеткенде "кара тизмеде" экенин билип, акча жок артка кайта албай жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 4-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман билдирди.
Анын айтымында, учурда алар Казакстандын чек арасында. Жердештер акча алып келип, аларды кайра мекенге жөнөтүү аракетин көрүп жатышат. "Биз чогуу келе жатканбыз. Мени чек арадан өткөрүштү, үчөөнү Орусиянын аймагына киргизбей коюшту. Алар: Арунов Руслан, Кайнаров Улан жана Боргемиков Улан",- деп жазды окурман.Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.