14-февралда КРнын Тажикстандагы элчиси Урмат Саралаев менен Тажикстандын Тышкы иштер министринин орун басары Махмуджон Собиров жолугушту. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт. Бул жолугушууда ушул жылы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Бишкекке расмий иш сапарын уюштуруу тууралуу сөз болду. Ошондой эле келечектеги кыргыз-тажик кызматташуусунун маанилүү маселелери талкууланды.