ЭЛДИК КАБАР: Мамлекет Сокулукта өрттөнүп кеткен 2 кабаттуу үйдүн тургундарынын маселесин чече элек

Мамлекет Сокулукта өрттөнүп кеткен 2 кабаттуу үйдүн тургундарынын маселесин чече элек. Бул маалыматты бүгүн, 5-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман билдирди. 
Анын айтымында, Сокулук районунун Шопоков шаарында ушул жылы 10-мартта таңга маал 22 үй-бүлө жашаган 2 кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Анда шаар мэри келип, 22 үй-бүлөгө жер тилкелерин берем деп убада берген. "Кечээ барганыбызда "жер тилкеси берилбей калса, 10 миң сомдон компенсация аласыңар" деп жолго салды. Учурда 22 үй-бүлө кыйналып жашап жатат. 1 үй-бүлө бара турган жери жок, алачыкта күн кечирүүдө. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевден ушул маселе боюнча жардам сурайлы дегенбиз",- дейт окурман. Окурман белгилегендей, бул маселе мамлекет башчынын кийлигишүүсү жок чечилчүдөй эмес.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап, сүрөтүн кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Жаңылык саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kuba_02
2015-04-05 15:20:40
ЭРтерээк чечилбесе элге кыйын болдуго.
0
tynara81
2015-04-05 17:15:49
10 миң сомго жер тилкесинин четин да көрсөтүшпөйт да, жер тилке 10 миң доллардан жогору болуп атканда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан