ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абадда кафеде тамактан 3 сантиметр келген курт чыкты

Кечээ, 4-апрелде Жалал-Абад шаарындагы "Байруха" кафесинде тамактан 3 сантиметр келген курт чыкты. Мындай маалыматты бүгүн, 5-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман кабарлап, тамактануу жайынын кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди. 
Анын айтымында, курт лагман жеп отурган тургундун тамагынан чыккан. "Бул окуяга өзүм күбө болдум. Эшек этинен кийин курт жей баштадыкпы?!"- дейт окурман. Ал шаарда коомдук жайларда санитардык абалды көзөмөлдөгөн мекемелер иштебей жатканын, бул окуядан кийин кафенин администрациясы тоготпогон түр менен "эми кайталанбайт, кечириңиздер..." деп айтканына нааразы экенин жашырган жок.  


Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
g.jumabekova
2015-04-05 19:13:31
Байруха кафеси бул Фаизанын Ж.Абаддагы филиалы. Ал жер таза тыкан болчу. Бул кафенини ишмердуулугуно атайын шек келтируу максатында жасалган иш болушу мумкун.
+4
bakyt_2015
2015-04-05 20:09:51
Курт бир болсо курттаган эттен тушот эле,а лагманга болсо эт майда тууралчу беле? Эт туурап жатканда корот эле го 3см куртту.Же суусу курттап кеткенби кысталак? Же даамдуу болсун деп атайы кошуп койгонбу?Же жедим деген киши соктуруп койгонбу,ашканага колоко тушургусу келип?Тушунбойм деги.
+2
Danel
2015-04-05 20:57:07
Бу"Элдик кабар" коп секреттеиди ачуудай экен,азыр баарында телефон смартфону бар,
0
jamilya03
2015-04-05 21:35:47
бул кабар калп коро албастык болсо кудайдан коркула эгэрдэ чындык болсо элдин убалынан коркула устубуздо баарын коруп турган алла таалам бар
+1
maks94.kb
2015-04-05 21:56:06
Коро албастык 100%
+3
Мэри
2015-04-06 00:33:17
Курт болот, менин салатымдан да чыккан, Бишкектеги "40х40" деген караоке-клубдан. Алмада болот го, ошондой, тирүү болчу.
Курт көбүнчө чөп-чарларда болот да, салат жалбырагында, укроп, петрушкада, капустада. Ун, күрүч да курттап кетет, туура эмес сакталса, ошонун баарын элеп, күрүчтү карайт дейсиңерби... Ошон үчүн мен тамакты аябай тандайм, карайм, мен үчүн бул өзүнчө эле чооооң маселе болуп калды...
0
begai93
2015-04-06 02:10:54
Кудай ай элге эмне эле болуп баратат!эшектин эти калып эми куртга отконго чын эле ) кочодон тамак жегилери келбей калгандарды тушунуп атам. Бирок мен оюмча эшектин этин бир болсо калбаса чыгарган цехтерге таратса керек.ошон учун колбасаны да этияттап жегиле!
0
niaz_aitiev
2015-04-06 10:02:31
Бул куртту кафенин конкуренттери салып койсо керек, ал жерде козомол абдан жакшы, коро албастык.
+2
mirtin
2015-04-06 11:27:04
Жалалабадда эн жакшы кафелердин бири болчу
Жакшылап ойлоп караганда
1)Азыр кайдагы 3см курт
2)Ошончо кайнап бышкан курт эч нерсе болбогондой
Подстава да болушу мумкун
+5
baba.
2015-04-06 11:42:08
Ай ким билет ким билет муну бир гана повар билет.....
0
SULUU-KYZ
2015-04-06 13:20:16
jaman shermende bolduk go el jurtka
0
Nazulya
2015-04-06 13:59:43
Азыр кафе, чайханалардан эчтеке жебей эле коюш керек болуп калды.Мен дагы бир жума мурун Нават чайханасынан туулган кунумду откоргом, шорпо Восточный заказ кылгынбыз тузун чылып салыптыр, официантка айтсак баарыбыздыкын алып кеткен кайра боппоз кылып алып келиптир, корсо суу аралаштырып коюптур. Администратор кечирип коюнуз дешип эле кутулушту бетин былтыйтып, вообще баргыбыз келбей калды.
0
Jaz3
2015-04-06 14:19:04
мурда эл баарына ишенип курт чымынын кошуп уруп журо берген окшойбуз азыр кафелерде тамактанганда кичине конул бургандыктан монтип 3тий личныйлар корунуп атышат
0
jeleznaya
2015-04-08 13:27:35
Бышырылган тамактан чыккан курт железный курт экен андамесе )))), бул жерде коро албастык, кыргыз калкым бири бирин коло албайт ошондуктан онуп оспой келе жатат!
0
NazNazik
2015-04-08 18:48:44
jeleznaya, бир болсо Терминатор курт. Ичип бутоюн дегиче, тамакта бекиниип туруп* буткондон кийин чыга калыптыр.
0
NazNazik
2015-04-08 18:51:32
Эми ушундай неграмотно подстава жасаган уятта. Налицо эле корунуп турбайбы, ал курт неваренный,тем более не жаренный экени. ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-04-09 11:48:05
NazNazik,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан